Россиянын президенти Владимир Путиндин кызы коронавирус илдетине каршы вакцинаны алып, сыноодон өттү. Бул тууралуу президент өзү өкмөт менен болгон жолугушуу учурунда билдиргенин орусиялык басылмалар жазды.
«Менин кыздарымдын бири вакцинаны алып көрдү. Башкача айтканда вакцинаны сыноого катышты деп ойлойм. Эмдөөдөн кийин кызымдын температурасы 38 градуска көтөрүлүп, эртеси 37 градуска төмөндөп, азыр ошол бойдон»,-деген Путин.
Белгилей кетсек, буга чейин Путин Россияда коронавируска каршы вакцина дүйнөдө алгачкылардан болуп каттоодон өткөнүн өкмөт менен жолугушуу учурунда билдирген.