• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Путинге таасирленген үй-бүлө небересине анын ысымын ыйгарды

14 Кулжа 201912:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.06.2019.Govori.TV.

Ош шаарынын тургуну — акушер-гинеколог Камалдин Айдаров небересине Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин фамилиясын ысым кылып ыйгарган. Тактап айтканда, ал небересине Путин деген ысымды тандаган. Бул тууралуу АКИpress агенттиги жазды.

Камалдин Айдаров Владимир Путинге суктанып, небереси дагы «Россиянын президентинин мүнөзүнө ээ болсун» деген тилек менен Путин деген ысымды тандаганын билдирди.

«Неберемдин аты-жөнү — Айдаров Путин Чыңгызович. Атасынын атын Чыңгыз Айтматовдун урматына Чыңгыз деп койгом», — деп кошумчалады дарыгер.

Ал эми 10 айлык Путиндин атасы Чыңгыз Айдаровдун айтымында, уулу 2018-жылы 24-июль күнү төрөлгөн.

«Атам ысымын Путин деп коюуну чечти, биз каршы болгон жокпуз», — деди ал.

Ошондой эле Ч.Айдаров дарыгерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөнүн кошумчалады.

«Мен Ош шаарында төрөлүп, орто мектепти ошол жерден аяктагам. Андан кийин Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында билим алгам. 28 жаштамын. Учурда Ош облустук ооруканасында уролог болуп иштейм. Жубайым Махабат Карабекова дагы Медициналык академияда билим алган, учурда фармацевт», — деди кичинекей Путиндин атасы.

Булак: turmush.kg

Количество просмотров: 18