Кара-Кулжа районунда жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Биринчи Май айылында унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жарга кулап кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болду (1961-жылы туулан Т.А. аттуу эркек киши, 1974-жылы туулган С.Н. аттуу аял киши жана 2019-жылы туулган А.Э. аттуу бала).
Жерине Кара-Кулжа райондун 3 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.