• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Үрөй учурган кырсык: Он үч киши жабыркап, бирөө каза болду

13 Бугу 2022 9:55 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда жол кырсыгынан бир жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн таңкы саат 5:55 чамасында Аксы районунун Кербен – Кош-Дөбө унаа жолунун болжол менен 13-чакырымында “ВАЗ 2106” жана “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесептинен 1 эркек киши каза болуп, 13 киши (7 эркек, 3 аял жана 3 жаш бала) ар кандай жаракат алышкан, учурда аты-жөндөрү такталууда. Куткаруучулар маркумдун денесин унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми тез жардам кызматынан 2 бригада тартылып, жабыркаган адамдарды Аксы райондук ооруканага алып кетишкен.

Количество просмотров: 6474