• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Р.Момбеков: Аткаруу бийлиги аткара албаганды, Азаттыктын бир баласы аткарды

30 Бугу 201911:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.05.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Рыскелди Момбеков сөз сүйлөп, аткаруу бийлиги аткара албай жаткан ишти, журналист 6 саатта аткарып койду деген пикирин айтты.

«Ашырбек Мойдунович, Кыргыздардын дейт деген сөзү менен англистердин гейт деген сөзүнүн эч айырмасы жок экен. Кыргыздарда укмуштуу кабарды дейт десе, англистер гейт деген сөздө чуулгандуу кабарды айтышат экен. Биз эки жума мурун «бажа-гейт» деген балекетке кабылдык эле. Өзүңүз жакшы билесиз. Акчанын майдасы тыйын болот, атасынан баласы кыйын болот деп өкмөт башчынын бажасы байлыктап отурганын, баласы айдыктап отурганы билинип калып, өкмөттө комиссия түзүлүп, иш алып барып жаттык эле. Ал иш этегине жете электе кечээ кечинде «бажы-гейт» деген балакет башталып кетти», — деди.

Эске салсак, ​29-майда мбек“Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” деп аталган көрсөтүүнүн автору Али Токтакунов өлкөдөн чыгарылып кеткен жүз миллиондогон доллардын Матраимовдорго тиешеси бар-жогун иликтеген. Анда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун жакындарына катталган мүлк тууралуу сөз болгон.



Количество просмотров: 14