• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Р.Жээнбеков: Кыргызстанда бийлик бутактарында тең салмактуулук сакталган жок

24 Жетинин айы 2018 11:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.11.2018.Govori.TV.

Равшан Жээнбеков Корея президенттик мамлекет. Күчтүү парламенттик мамлекетте президентке импичмент жарыялады. Ошолордун практикасын бизге салыштырып көрөлүчү. Бизде парламент президентке каршы турабы жана күч органдары каршы турабы деген суроо жаралат. Албетте жок. Кыргызстанда бийлик бутактарында тең салмактуулук сакталган жок. Мурунку президент Алмазбек Атамбаев чоң ката кетирди. Учурдагы президент дагы кайталанбашы керек.

Жээнбеков, экономика боюнча маселеге токтолуп жатып, бул жаатта эч кандай өзгөрүү болбогонун айтты. Кантип экономиканы өнүктүрүү керек? Бул жаатта баары эле өнөр жай куруу жана башкаларга токтолот. А бирок саясий реформа болбосо эч кандай экономика өспөйт.

«Биз бийликти бир колго топтоого жол бербешибиз керек. Кыргызстанда 27 жылдан бери бийлик бутактарындагы тең салмактуулук сакталган эмес, азыркы бийликтин тушунда да ошондой болууда. Эгер бийлик муну жөнгө салбаса Атамбаевдин тагдыры, Бакиевдин тагдыры учурдагы бийликти да күтүп турат»,-дейт Жээнбеков.

Парламент менен өкмөттүн башында күчтүү президенттик институт турганын, ошондуктан күчтүү Жогорку Кеңеш болбой жатканын, Алмазбек Атамбаевдин аппаратынын жетекчилери өкмөт башчы болгонун жана азыркы президенттин мурдагы аппарат башчысы да премьер-министр болуп турганына, токтолду Жээнбеков.

 

Количество просмотров: 29