• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Рафик Мамбеталиевке карата кылмыш иши козголду⠀

18 Аяк оона 202417:56 Бишкек Govori.TV

ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын мурдагы башчысы Рафик Мамбеталиев кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту ырастады.

Өткөн жумада УКМКнын кызматкерлери Мамбеталиевке карата “Бийликти күч менен басып алуу”, “Кылмышка даярдык көрүү” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

13-сентябрда Биринчи май райондук соту УКМКнын тергөөчүсүнүн камакка алуу өтүнүчүн четке кагып, үй камагына чыгарылган. Ага карата үй камак бөгөт чарасы 21-октябрга чейин болот.

Количество просмотров: 315