• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Рахат Атаканова: Аймактардын өнүгүшү мамлекет үчүн чоң салым

16 Жетинин айы 2020 10:42 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Рахат Атаканова. Ал 50 жашта 4 баланын энеси.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кум-Бел айыл аймагынын Корумду айылынан келген Рахат жергиликтүү кеңештин эки чакырылыштан берки депутаты.

«Аймактын өнүгүүсү деги эле мамлекеттин өнүгүшү жогудан төмөн карай эмес, төмөндөн жогору карай өнүгүшү бул баарыбызга белгилүү. Аймактардын өнүгүшү мамлекет үчүн бул чоң салым деп эсептейм. Эң негизги максатым ушул айыл-аймактардагы ар тараптуу маселелерди, көйгөйлөрдү өз убагында чечүү. Баардык тармактагы көйгөйлөрдү өз убагында чечүү маанилүү», — дейт ал.

Количество просмотров: 232