Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовго окшош адамдын учактын ичиндеги сүрөтү интернетке жарыяланды.
Twitter колдонуучусу жарыялаган сүрөткө, «Кимдир бирөө Москвага учуп баратат», — деп жазган.

Эске салсак, буга чейин Раимбек Матраимов Турцияда экени тууралуу маалыматтар тараган эле.