• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Раимжанов: Батукаевге диагноз коюу процессине катышкан эмесмин

19 Кулжа 2020 15:13 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук териштирүү уланууда. 17-июндагы сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановду 13 жыл эркинен ажыратууну соттон сураган.

Дарыгер Раимжанов өзүнө карата коюлган айыптоолорду негизсиз деп эсептейт.

«Батукаевге диагноз коюу процессине катышкан эмесмин. Жумушка 2013-жылы 5-мартта чыккан. Ал эми Макимбетов диагнозду 1-мартта койгон. Ал учурда оорукада жаткам. Менин милдетимди Эмил Макимбетов аткарган. Ал Ирина Цопова экөө диагноз коюшкан»,-дейт Раимжанов.

Количество просмотров: 127