• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Саляновдун өлүмү. Айыпталуучу жактоочудан баш тартты

20 Үчтүн айы 2020 11:15 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурунку башкы прокурор Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлүмү тууралуу иш боюнча соттук териштирүү уланууда. 

Соттук отурумдун жүрүшүндө айыпталуучу Эрмек Осмонкулов жактоочудан баш тартты. Ал бул чечимин жактоочуга ишеним көрсөтпөгөнү менен түшүндүрдү. Айыпталуучу мамлекеттик коргоочу дайындап берүүнү же жактоочусуз отурумду өткөрүүнү суранды.

Прокурор Мирлан Сооронкулов Эрмек Осмонкулов өзгөчө оор кылмышка айыпталып жаткандыктан, иш жактоочусуз каралбай тургандыгын айтты.

Жабырлануучу тарап процессти атайын создуктурушууда деп айтышты.

Эске салсак, 2017-жылдын ноябрында түн ичинде азиат түспөлүндөгү 3 белгисиз адам Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар жаңы коңушунда жайгашкан үйгө кирип барышкан. Кол салгандар ок атуучу куралды колдонушуп, үйдүн ээси Улан Саляновго карата ок чыгарышып, андан соң изин жашырышып качып кетишкен. Алган жаракатынан улам 1975-жылы туулган Улан Салянов каза болгон.

Булак: 24.kg

Количество просмотров: 193