Бишкек.16.08.2019. Govori.TV
Мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаевага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ал өзү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасы каралып жаткан учурда билдирди. Ал кылмыш иши президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаевдин ишине байланыштуу экенин айтты.
Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев 2-июнда коррупцияга айыпталып кармалган. УКМК тараткан маалыматта, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, чет өлкөлүк инвесторлордун объекттерин рейдердик жол менен тартып алган топтордун кызыкчылыгына иштегени айтылган.
Кийин Манасбек Арабаев Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берип, мыйзамсыз иштерге экс-канайымдын суранычы менен барганын билдирген видеосу Интернетке чыккан. КСДП анын айткандарын “чындыкка коошпойт” деп билдирген.
Бир айдан кийин Арабаев үй камагына чыккан.