• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Раиса Атамбаева жолдошу менен жолуктурууну суранды

23 Баш оона 201910:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.08.2019.Govori.TV.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева жолдошу менен жолуктурууну суранды. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Жактоочу Сергей Слесарев Раиса Атамбаеванын өтүнүчүн тергөөчүгө айтканын жана жооп келе электигин кошумчалады.

«Алмазбек Атамбаев кармоо шарттарына жана ден соолугуна эч кандай нааразычылыгы жок. Ал өзүн жакшы сезүүдө», -деди жактоочу.

Эске салсак, 8-августта Атамбаевди кармоо операциясын ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган. Жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев багынып берди.

Количество просмотров: 12