Бишкек.23.05.2019.Govori.TV.
Чехияда болуп өткөн дүйнөлүк чемпионатта джи джитсу боюнча Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп 3 алтын 1 коло медаль утуп алган спортчуларды борбордогу спорттук клубундардын биринде тосуп алышты.
Мында чогулгандар, “Бул тарых туугандар! Тарых жаңырды. Биздин өлкө дүйнөнү багынта баштады. Спорт менен маданият аркылуу өлкөбүздү таанытуу керек. Бизде башка жол жок. Бул азаматтар элдин алкышына татыды. Азаматтар,силерсиңер өлкөбүз келечеги”-деп жатышты.
Бул күнү Тайландда өткөн бокс боюнча чемпионатта коло медалын алып келгендер да сыйланышты.
Белгилүү болгондой, спортчулардын чемпионатка барып келүү чыгымдарын Райым Матраимов төлөп берди.
Ал эми, жаш боксерлорго Матраимовдун уулун белектерди тапшырды.
Чемпиондорду куттуктап кыргыз эстрада жылдыздары концерттик программа тартуулашты.