• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Райымбектин бажы империясы» аталышындагы кезектеги иликтөө чыкты

20 Тогуздун айы 2020 9:49 Бишкек Govori.TV


Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу кезектеги журналисттик иликтөө жарыяланды. Иликтөөнү журналист Али Токтакунов менен «Фактчек» сайтынын негиздөчүлөрүнүн бири Болот Темиров дайындаган.

Иликтөөдө Райымбек Матраимов өзү кызматтан кеткени менен анын ондогон тууган-урук, дос-чары бул системада иштеп жатканы айтылат.

Кечээ жакында мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жанында жүргөн жана бул тармактагы коррупциялык схемаларга аралашкан 40 киши аныкталганы белгилүү болду.

Эске салсак, Раимбек матраимовго байланыштуу «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр буга чейин дагы жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылып келет.

Количество просмотров: 297