• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Райымкулов Ташиевди теледебатка чакырды

7 Жетинин айы 201921:52 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Камчыбек Ташиев «Фейсбук» баракчасына «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Бактыбек Райымкуловду сындап, пикир жазды.

— “Республика-Ата Журт» партиясына илешип жүрүп депутат болгонсуз, өзүнчө боло элексиз, болушуңуздан күмөн санайм. Биздин «Ата Журт» партиясы боюнча ооз ачканга моралдык укугуңуз жок, ушул партия бар үчүн парламентте отурасыз, – жазды Ташиев.

Ташиевдин нааразы болушуна буга чейин Бактыбек Райымкуловдун «Азия ньюс» гезитинин шайлоо боюнча суроосуна жооп бергени негиз болгон. Анда депутат “Республикада” бир аз мүмкүнчүлүк бар экенин белгилеп, ал эми “Ата Журт” тууралуу эч нерсе “айта албасын” билдирген.

Ал эми Райымкулов Ташиев жоопту түшүнбөй калып пикир жазганын айтууда.

— «Ата-Журттун” мүмкүнчүлүгу кандай деген суроого “айта албайм” деп жооп бергем. Жоопту туура түшүнүп, анан пикирин жазса болмок. Туура түшүнө албаса деңгээли ошол да, – деген Райымкулов Ташиевди теледебатка чакырды.

Количество просмотров: 34