• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Рамзан Кадыров Ингушетиядан «айылдарды тартып алам» деп коркутту

14 Үчтүн айы 2022 8:17 Бишкек Govori.TV

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров коңшу Ингушетиянын тургундары менен аксакалдарына видеокайрылуу жасап, үч күндүн ичинде ага карата дооматтарын айтууну сунуштады.

Кадыров «Инстаграмдагы» баракчасына жарыяланган билдирүүдө эгер ингушетиялыктардын айыптоосу негизсиз же кемсинткен болсо, ал бардык кадамдарга барарын, ал үчүн мыйзам жок экенин айткан. Мындан тышкары ал «элинин, үй-бүлөсүнүн жана жеке өзүнүн кадыр-баркына шек келтиргиси келген адамдарды» жөн койбой турганын белгилеген.

Кадыровдун мындай билдирүүсүнө Ингушетиянын башчысына караштуу Дин иштери боюнча башкармалыктын жетекчиси Яхья Хадзиевдин кечирим сураганы себеп болгон. Ал салтка айланып калгандай Кадыровдон эмес, аны менен кучакташканы үчүн кечирим сураган.

Кадыров өз билдирүүсүндө кайрадан Чеченстан менен Ингушетиянын ортосундагы чек ара темасын козгоп, чек араларды өзгөртүү тууралуу 2018-жылы кол коюлган макулдашууга ылайык, Ингушетияга чечен айылдары кошулуп кеткенин билдирди: «Мен силердин жетекчиңердин өтүнүчүн эске алып, ал айылдарды калтыргам. Азыр ошол чагымчылдарга кайрылам. Мен силерди адам жана эркек катары эсептебегендиктен жерлерди тартып алгам. Калган айылдарды да тартып алам. Анткени мен мындай кадамга бармайынча тынчыбайсыңар», — деди Кадыров.

Чеченстан менен Ингушетиянын чек арасы тууралуу макулдашууга 2018-жылы сентябрда аймактардын башчылары Юнус-Бек Евкуров менен Рамзан Кадыров кол койгон. Макулдашуу Ингушетияда нааразылыктарды жаратып, тургундар чек ара адилетсиз бөлүштүрүлгөнүн айтып чыгышкан.

Ошол эле жылы декабрда сот ал нааразылык акциялардын жети лидерин, анын ичинде эки аксакалды 7,5 жылдан 9 жылга чейинки мөөнөттөргө эрктеринен ажыраткан. Алар Ингушетия менен Чеченстандын чек арасын өзгөртүүгө каршы митингдерде зомбулук уюштурууга жана экстремисттик топ түзүүгө күнөөлүү деп табылышкан.

Количество просмотров: 4938