• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Рамзан Кадыровго «журт атасы» деген титул ыйгарылды

10 Бирдин айы 202310:50 Бишкек Govori.TV

Чеченстанда парламент Рамзан Кадыровго «журт атасы» деген титул берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалым болгондой, депутаттар республикалык Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү бир добуштан колдогон. Ага ылайык, аймактын башчысы чечен тилинде «Мехк-Да» («журт атасы» деген маанини билдирет) деген аталыштагы наам ыйгарылган.

Кошумчалай кетсек, Кадыров Чеченстанды 2007-жылдан бери башкарып келет. 

Количество просмотров: 101