• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Равшан Жээнбеков: Атамбаевди саткандарга түшүнбөйм…

17 Жалган куран 2019 13:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.03.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 17-мартта СДПК тарабынан уюштурулган Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өтүп жатат. Анда саясатчы Равшан Жээнбеков сөз сүйлөп, Аксы маселеси тарыхтагы кара күн экенин, сабак ала турган окуя экенин айтып өттү.

«Бул бийлик адамдарына сабак боло турган нерсе. Бул бийлик элинен коркуп мамиле жасай турган окуя. Коркпостон келип жатканыбыз — элибиз, бийлик көңүл бурат түрган нерсе. Тилекке каршы, үй бүлөлүк башкаруу коркунучу кайрадан пайда болду. Президенттин туугандары бийликте отурганы буга далил. Оппозиция маселеси. Биз дайыма президенттик мамлекетте жашайбыз. Парламент, өкмөт жана башка бийликтегилер азыркы бийликке кошомат кылып жатышат. Атамбаев башында турган КСДПнын оппозицияга өттү дегенин толугу менен колдойм. КСДП, оор заманды башыңардан өткөрүп жатасыңар. Саткындар партияңардын канатын кайрыды. Саткындар тарыхта да болгон. Алардын айынан экинчи эшигиңер ачылат. Партияңарды, Атамбаевди саткандарга түшүнбөйм. Мен Атамбаевге 7 жыл оппозиция болгом. Оппозициядагы Атамбаевге оппозиция боло албайм. Менин көз карашым, КСДП муну толугу менен колдойт деп ойлойм. Атамбаев Кыргыз мамлекетин парламенттик өлкө кылабыз деген. Биз парламенттик өлкө болушубуз керек. Биз адилеттүү сот түзүшүбүз керек. Адилеттүү сот президентке, парламентке баш ийбеш керек. Шаар мэрлерин, айыл башчыларын эл шайлашы керек. Балдарыбыз сапаттуу билим ала турган, сапаттуу медицинага көңүл бурушубуз керек», — деди ал.

Количество просмотров: 15