Равшан Жээнбеков кармалды. Бул тууралуу Govori.TVга анын жакындары билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуялар боюнча Равшан Жээнбеков Ички иштер министрлигине суракка чакырылган. Ал жерде бул окуя боюнча шектүү катары кармалгандардын бири Кыяс Смаилов менен беттештирилген. Мындан соң Жээнбековго шектүү катары ИИМдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.
13-декабрда Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы сотто каралат.