• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Равшан Жээнбеков: Камчы жигит болсоң, отставкага кет

14 Кулжа 2022 11:21 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Равшан Жээнбеков өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, анда саясий серепчи «Марат Казакпаевдин өлүмүнө УКМК тарабынан жасалган мамиле себепчи болгон»,-деген тариздеги оюн айтты.


Анын айтымында «Камчыбек Ташиев Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу мыйзамсыз маселе козгоп жатат»,-деп күнөөлөп жатат.


Эгерде Ташиев ал менен күрөшкүсү келсе, кызматын тапшырышы керектигин айтты.


«Президент Саламатыкты сактоо министрине мыйзамсыз иш козгогондугу үчүн, башкы прокурорду убактылуу кызматтан алды. Ал эми УКМКнын айланысындагы маселеде киши өлүп жатат. Биз оппозиция катары иликтөө иштери аяктаганча УКМКнын башчысын кызматтан алып турууну сунуштаганбыз. Сыягы Камчы сынды кабыл ала албайт көрүнөт. Кечээки билдирүүбүздөн кийин суракка чакыртылып отурабыз»,-деди Жээнбеков.


Мындан сырткары учурда Камчыбек Ташиевдин колунда бардык күч бар экенин белгилеп, азырынча ал менен күрөшүүдө алсыз экенин баса белгиледи.

Эске салсак, Бишкектеги №1 шаардык ооруканада жаткан саясат талдоочу Марат Казакпаев 10-июнда өзүнө келбей каза болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурган Марат Казакпаев 9-июнда “Тез жардам” менен эс учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын мээсине кан куюлуп, инсульт болгонун, жасалма дем алдыруу аппаратына кошулганын айтышкан.

Эске салсак, Марат Казакпаев жана дагы бир адам мамлекетке чыккынчылык кылууга шек саналып 2021-жылы апрель айында кармалган. Кылмыш иши Жазык кодексинин “Мамлекетке чыккынчылык кылуу” беренеси менен козголгон.

Количество просмотров: 7745