Бишкек. 08.08.2019. Govori.TV
Тилекке каршы бийлик Курсан Асанов менен Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Орозбек Опумбаевди гана жибериптир. Опумбаев жакшы сүйлөшүү жүргүзө алган жок. Мага ал тажрыйбасы жок, сүйлөшүүгө даяр эместей көрүндү. Ал эми Курсан Асанов жакшы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мындай пикирин мурдагы депутат Равшан Жээнбеков билдирди.
«Бир гана талапты койдук, элди тынчтандырыш үчүн милицияны гана алып кеткиле деп. Ошону менен эл жай-жайына тарап, калчулары калды. Биздин оюбузча абал жеткиликтүү деңгээлде курчуду. Бийлик көп ката кетирип алды. Себеби кандай болгон күндө да күч менен, желим ок болобу, автомат менен болобу, ошол жерге барганы чоң ката болду. Эртең менен биз бардык нерсеге оппозиция катары баабызды беребиз»- деген пикири Жээнбеков социалдык тармагына калтырган.