Бишкек.14.08.2019.Govori.TV.
Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков камакка алына тургандыгын бүгүн, 15-августта фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.
“ИИМдин тергөө башкармалыгынан бүгүн жактоочум менен келүүнү айтышты. Себеби мени 224-беренеси (“барымтага алуу”) менен камакка алышат экен. Менин укуктарымды жактоочум Азимбек Бекназаров коргойт. Мени колдогондорго ыраазычылык билдирем. Мыйзам алдында тазамын, муну ошол күнү ЖМКларда чагылдырылган материалдар далилдейт”, – дейт Жээнбеков.