• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жээнбеков өзүн китепканачы кылып иштетүүнү суранды

1 Бештин айы 2023 15:57 Бишкек Govori.TV

«Кемпир-Абад» иши боюнча кармалган саясатчы Равшан Жээнбеков түрмө жетекчилигине өзүн китепканачы кылып иштетүүнү суранып, арыз жазды. Бул тууралуу маалымат анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

«30-ноябрда түрмө жетекчилигине мени түрмө китепканачысы кылып иштетүүсүн суранып арыз бердим. Түрмөдө китепканачы жок. Китепкананы пайдалануу механизми иштелген эмес. Китептер эски. Куранды, Ислам эрежелерин үйрөнүүчүлөр көп, бирок зарыл болгон исламдык теологиялык китептер жок. Урматтуу мекендештер, кимиңерде жаңыраак китептер, ислам эрежелери боюнча брошюралар болсо СИЗОго китепканага жардам берип койсоңор. Түрмөдөгүлөрдүн китеп окуганы, түрмөдөгүлөргө дагы, элибизге дагы жакшы» , — деп жазган ал.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылдын октябрь айында камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары үй камагына чыккан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон.

Количество просмотров: 228