• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түрмөдөгү Жээнбеков Мадумаровго кайрылды

6 Аяк оона 2023 15:40 Бишкек Govori.TV

Абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков камакка алынган депутат Адахан Мадумаровго кат жазып, кайрылуу жолдоду.

Жээнбеков өз кайрылуусунда, депутат Мадумаровго ден-соолук, узун өмүр, сабыр каалап, «тажрыйбалуу саясий туткундардан салам айтам», — деп жазган.

«Биз бул мыйзамсыздыкта, куугунтукта баарыбыз биргебиз. Экинчи жагынан, түрмө Кыргызстандын авторитардык бийлиги жараткан реалдуулук. Биз саясатчылар, активдүү жарандар муну баарыбыз билебиз да. Ошондуктан, бардык өйдө-ылдыйга даярбыз. Түрмө күчтүү саясатчыны андан дагы күчтүү кылат. Алсыз, идеясы, чоң максаты жокторду сындырат. Сизди мен күчтүү саясатчы деп билем. Садыр менен Камчы Сиздин денеңизди түрмөгө сала алат, бирок сиздин сөзүңуздү, пикириңизди, саясий позицияңызды жана кыяларыңызды сала албайт. Көп жазыңыз, сүйлөңүз, күрөшүңүз», — деп жазат Жээнбеков.

Количество просмотров: 1793