• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

УКМК: Жээнбековдун жер тилкеси мамлекеттин пайдасына кайтарылды 

15 Жалган куран 2024 10:28 Бишкек Govori.TV

Равшан Жээнбековдун жер тилкеси мамлекеттин пайдасына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Талас облусунун Киров суу сактагычынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 4 гектар болгон «Эдельвейс-Тур» эс алуу зонасы мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылды.

Баалоо экспертизасынын корутундусуна ылайык, жеңил конструкциядагы административдик имараттары бар жер тилкесинин баасы 16 млн 871 миң сомду түзөт.

«Аталган жер тилкеси 2000-жылдардын аралыгында КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жетекчиси болуп турган Равшан Жээнбеков менен аффилирленген жактарга мыйзамсыз берилгени аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 137