• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Равшан Жээнбековдун жубайы суракка чакырылганы айтылды

25 Бугу 2023 20:55 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшан апасы суракка чакырылганын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Апамды бүгүн саат 12де суракка алып кетишиптир. Андан бери кабар ала элекпиз, жактоочусу да жок», — деп жазды Азат Равшан.

Тийиштүү органдар бул боюнча комментарий бере элек.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылдын 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан жыйырмадан ашуун адам жапырт кармалган. Алардын арасында Равшан Жээнбеков дагы бар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Количество просмотров: 119