• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Разаков: Коопсуздук курун тагынбаган айдоочулардын баарына бирдей айып пул салынышы керек

15 Үчтүн айы 2019 15:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.01.2019.Govori.TV.

Шаар сыртында да ичинде коопсуздук курун такпаган айдоочулардын баарына 1000 сомдон айып салыш керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков  маалымат жыйынында айтты.

«Азыр шаар ичинде коопсуздук курун такпагандарга миң сом айып салынат. Ал эми шаардын сыртында болсо 3 миң сом айып салынат экен. Менимче, бул туура эмес. Шаар болобу, шаардын сыртында болобу коопсуздук курун такпагандарга миң сомдон айып пул салынышы керек. Учурда жол кырсыктары азайды. Бирок азыркы күндө статистиканы айтууга эрте«, — деди вице-премьер-министр

Эске салсак, 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы кодекстер ишке кирген.

Количество просмотров: 40