• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Разаков: Тажик тараптан дагы, кыргыз тараптан дагы маселени чечиш керек деген жакшы ниеттери бар

15 Жалган куран 2019 14:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.03.2019.Govori.TV.

КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Баткен облусундагы Ак-Сай айылынын чек ара тилкесиндеги окуяга кечээ дагы биринчи ирет, бүгүн дагы экинчи ирет тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк, деп айтты.

https://www.youtube.com/watch?v=eJBiRx-FC1o&feature=youtu.be&fbclid=IwAR3EyCJMoXx-V80_R9gKSv8QvRAGbPsiSKMMggHiltlpqgNaxVQSffc9upU

Анын айтымында, Тажик тараптан Тажик Республикасынын вице-премьер-министри Азим Ураимов келип катышып жатат. Ошол менен бирге Ички иштер министри, Чек ара кызматынын жетекчиси, бир топ жетекчилер келип сүйлөшүүлөр болуп жатат.

«Негизинен белгилей кете турган нерсе бүт тажик тараптан дагы, кыргыз тараптан дагы ушул маселеге, көйгөйлөргө дагы маселени чечиш керек деген жакшы ниеттери бар. Азыр эми биз биринчи ирет сүйлөшүп, шарттарыбыз сүйлөшүлдү, булар дагы өздөрүнүн эли менен сүйлөшүп, иштешет. Ал эми болуп өткөн окялар боюнча, жаракат алган кишилер боюнча тажик тараптын айткан маалыматы боюнча буларда каза болгон кишилер дагы бар экен. Бул боюнча Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги тарабынан биз сунуш бердик, биргелешкен тергөө группаларын түзүп, ошол иштерди тергеп, анан жыйынтыгын жетекчиликке билдирүү ишине тапшырма бердик, алар жумушту чогуу башташты. Негизинен элдердин арасында дагы мындай терс, радикалдуу ойлор жок, кыргыз тараптан дагы жана тажик тараптан дагы. Бирок маселелер боюнча толук каралып жатат, буйурса бир жыйынтыкка келебиз деген ойлорубуз бар»,-дейт Разаков.

Шарттар боюнча азыр айтыш эрте, деп кошумчалады Разаков.

«Шарттар чечилиш керек. Чечилгенде кыргыз тараптын кызыкчылыгы дагы, тажик тараптын дагы эске алган чечимдер болушу керек. Бул маселе бүгүн эле пайда болуп калган эмес, мен билгенден 20-30 жылдын нары жагы деп белгиленет. Түбү жана негизи ошол деп билебиз. Ал эми ушул окуяга болсо Ак-Сай – Тамдын жолунун салынышы болуп чыкты. Ошол жолдон башталды. Андан сырткары шагыл алуу маселеси дагы көтөрүлгөн. Эми эки тараптуу суроолор бар, ошол маселелерди курчутпай, элдерди ынтымакка чакырып, маселелерди чечкенге аракет кылышыбыз керек. Ак-Сай – Тамдык жолу биздин территорияда жана курууга мүмкүнчүлүгүбүз бара жана жетет. Негизинен Көк-Таш – Ак-Сай – Рават жолу салынгандан бери мен өзүм бул жерде губернатор болуп иштегенмин. Бул атайын коомдук абал курчуганда, абал оорлошкондо биздин жарандар жүрүш керек деген максатта курганбыз. Кечээ күндөн тартып ошол жолду дагы калыбына келтирүү иштери башталды. Биздин Лейлектен келген жарандар Баткенге өтүп жатат, Баткенден Лейлекке барам дегендер ошол жакка өтүп жатышат. Ал эми чоң жүк ташуучу унаалардын өтүшү боюнча иштер жүрүп жатат. Азыркы мезгилде бизде өтө албай калган, калып кеткен көрүнүштөр жок»,- деп айтты Разаков.

Количество просмотров: 10