• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Разаков жансакчылар менен келди деген маалыматты четке какты

14 Бирдин айы 2020 16:33 Бишкек Govori.TV

Биринчи май райондук сотунда Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун иши боюнча алдын ала соттук уктуруу уланууда.

Анда мурдагы вице-премьер министр Жеңиш Разаков бир нече жансакчы менен келгенин көрүүгө болот. Бирок Разаков аны четке кагып, эч кандай жансакчынын ага кереги жок экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Жеңиш Разаков бул иш боюнча жабырлануучу. Ал «Чындык» басылмасынын редактору Турсунбек Бейшенбековго карата арыз жазган.

Количество просмотров: 242