• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Референдум белгиленди. Депутаттардын кимиси каршы жана кимиси макул болду? (тизме)

11 Жалган куран 2021 12:47 Бишкек Govori.TV

“Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеште экинчи жана үчунчү окууда кабыл алынды.

Сессияга катышкан 100 депутаттын 94ү документти колдоп, алтоосу каршы добуш беришти.

Эске салсак, долбоор парламенттин 3-марттагы сессиясында талаш-талкуу менен коштолуп, 1-окууда өткөн.

Кечээ, 10-мартта Жогорку Кеңеш Конституция жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамды караган, бирок добуш берген эмес.

Парламенттин жыйынында ушул эле маселе менен катар каралган башка мыйзам долбоорлорунун баары боюнча добуш берилген. Ал эми референдумга байланыштуу маселе добушка коюлбаганы айрым депутаттардын нааразы суроолорун жаратты.

Аларга жооп берип, төрага Талант Мамытов ал боюнча добуш берүү күн тартибине кирбегенин айтты.

«Ал үчүн аппарат (ред: Жогорку Кеңештин аппараты) тактап, күн тартибине киргизиши керек. Бүгүн добуш берүүгө аталган мыйзам долбоору каралган эмес», – деди ал.

Количество просмотров: 217