• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Референдумда шайлоочулардын 79% ашыгы президенттик башкаруу формасын колдошту

12 Чын куран 2021 15:02 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда Конституция боюнча референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, алдын ала маалымат боюнча, референдумга жалпы 1 млн 336 миң 743 жаран катышты. Ал шайлоочулардын 37,8 пайызын түзөт.

“Акыркы маалыматтарга караганда, референдумга 1 млн 59 миң 476 жаран “макул” добушун берди. Ал шайлоочулардын 79,24%ын түзөт. Ал эми 182 миң 553 шайлоочу “каршы” добушун берди”, — дейт ал.

Шайлдабекова референдумдун акыркы жыйынтыгы шайлоо күнүнөн 35 күн өткөн аралыкта айтыларын белгиледи.

Конституция боюнча референдумга добуш бергендерди аймактар боюнча алганда:

  • Бишкекте “макул” — 60,66%, “каршы” — 36,10%;
  • Ош шаарында “макул” — 79,87%, “каршы” — 12,27%;
  • Жалал-Абад облусунда “макул” — 84,7%, “каршы” — 7,94%;
  • Ысык-Көл облусунда “макул” — 85,25%, “каршы” — 9,9%;
  • Нарын облусунда “макул” — 82,84%, “каршы” — 11,25%;
  • Ош облусунда “макул” — 84,33%, “каршы” — 7,76%;
  • Талас облусунда “макул” — 74,99%, “каршы” — 16,6%;
  • Чүй облусунда “макул” — 70,84%, “каршы” — 21,36%;
  • Баткен облусунда “макул” — 84,27%, “каршы” — 8,68,% жаран добуш берген.
Количество просмотров: 95