• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Референдумдун алдын ала жыйынтыгы боюнча жаңы Конституция колдоо тапты

11 Чын куран 2021 20:48 Бишкек Govori.TV

Референдумдун алдын ала жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жаңы Конституция колдоо тапты.

Учурда өлкөдөгү 2 483 автоматтык саноо урналарынын 80,79 пайызы эсептелип бүттү. Ага ылайык, бүткүл элдик добуш берүүгө шайлоочулардын 30,07 пайызы катышты. Баш мыйзамды шайлоочулардын 79,39 пайызы колдоп, 13,58 пайызы каршы добуш берди.

Белгилей кетсек, добуш берүүлөрдүн инфографикада көрсөтүлгөн жыйынтыгы акыркы көрсөткүч эмес.

Негизи талап боюнча, жалпы элдик добуш берүүгө катышкандардын пайыздык көрсөткүчү 30 пайыздан ашса, анда референдум өттү деп эсептелет.

Количество просмотров: 119