Бишкек.18.04.2019.Govori.TV.
Билим берүү министрлигинде кесиптик-техникалык билим берүү бөлүмүнүн башчысын мыйзамсыз түрдө иштен алышкан. Буга себеп катары Кыргызстан жана Россиянын окуу жайларынын ректорлорунун “Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү – келечекке инвестиция”,- деп аталган форумдагы баннердин катасы болгон. Бул тууралуу ЖК депутаты Евгения Строкова Парламенттин жалпы жыйынында билдирген.
Депутаттын айтымында Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева күнөөсү жок жана форумду уюштурууга тиешеси болбогон эле кызматкерди жумуштан алган.
Эске салсак, Кыргызстан жана Орусиянын ректорлорунун биринчи форуму өтүп, анда конокторду ката жазылган баннер менен тосуп алышкан. Интернетте жарыяланган баннердин сүрөтү коомчулукта талкууга түшкөн.
Ал эми министр Г. Кудайбердиева 1, 2 тамга үчүн маселе жаратуунун кереги жок экенин айткан.