• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Ренессанс» корпорациясынын негиздөөчүсү: Лобби компаниясы менен түзүлгөн келишимге Жапаровдун тиешеси жок

6 Жетинин айы 2020 16:04 Бишкек Govori.TV

Канададагы «Dickens&Madson» компаниясы менен түзүлгөн келишимге президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун тиешеси жок. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Ренессанс» агрардык өндүрүш корпорациясынын негиздөөчүсү Абдыманап Карчыгаев билдирди.

Карчыгаев келишимге өзү кол койгонун айтат.

«Канаданын Монреаль шаарында жайгашкан «Dickens&Madson» (Канада) компаниясынын президенти Ари Бен-Менаш менен келишим түздүм. Бул жерде Садыр Жапаровдун колу жок, келишим түзүлгөн учурда ал абакта отурган. Келишим 2020-жылдын 2-сентябрында түзүлгөн», — дейт ал.

«Ренессанстын» негиздөөчүсү белгилегендей, лобби компанияга 1 млн доллардын 500 миң доллары төгүлүп берилди.

«Лоббисттерге акча төлөмөйүнчө Кыргызстанга инвестицияларды чыгара албайт. Лоббисттер араб өлкөлөрүнөн акча каражаттарын бизге гранттык түрдө беришине көмөктөшөт. Бул кредит эмес. Кыргызстанга жалпы суммасы 8 млрд 600 млн долларлык каражат гранттык негизде берилет. Анын ичинен коронавируска 600 млн доллар, экономиканы көтөрүүгө 4 млрд доллар, Кытайдын карызын төлөөгө 2 млрд доллар, агрардык-өндүрүш корпорациясына 2 млрд доллар (өлкөдө завод-фабрикаларды куруу үчүн) бөлүнөт», — дейт ал.

Карчыгаев өз сөзүндө Садыр Жапаров менен бир жолу гана жолукканын белгилеп кетти.

«Кыргызстанга бөлүнө турган каражаттарды коргоп бере аласызбы деп эле кайрылгам. Анткени бул чоң каражат жана инвестиция өлкө үчүн болууда», — деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин өкмөт «Президент С.Жапаровдун аппаратынын атынан бизнесмен израилдик лоббист менен $1 млн долларга келишим түздү» аттуу тарап жаткан маалыматты чындыкка дал келбей тургандыгын расмий билдирген.

Количество просмотров: 107