• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Республикалык бюджетке 30 миллиард сомдон ашык каражат түшпөй калуусу мүмкүн

11 Чын куран 2020 16:59 Бишкек Govori.TV

Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү боюнча төмөндөө процесси жүрүүдө, жылдын жыйынтыгында төмөндөөнүн көлөмү 30 миллиард сомдон ашып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Финансы министри Бактыгуль Жеенбаева билдирди.

«Биздин өлкөдө, пандемиянын кесепеттери үчүн жагымсыз экономикалык жагдай жаралды. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө дээрлик бардык бизнес өз ишин убактылуу токтотту. Бул республикалык бюджетти аткарууга олуттуу таасирин тийгизүүдө»,- деди Финансы министри Бактыгуль Жеенбаева.

Ошол эле убакта COVID-19 глобалдык пандемиясына каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар менен байланышкан кошумча чыгымдардын эсебинен республикалык бюджеттин чыгашалары көбөйүшү мүмкүн.

Ушундан улам КР Финансы министрлиги кырдаалды жакшыртуу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүүдө.

Биринчиден,
Финансы министрлиги бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында бардык бюджеттик мекемелерди өз чыгымдарын дагы бир жолу кайра карап чыгууга чакырууда.

«Экинчиден, бизге гранттарды жана эң төмөнкү пайыздык чен менен мүмкүн болушунча узак мөөнөттөргө кредиттерди тартып келүү максатында өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө, эл аралык финансылык институттарга, донор өлкөлөргө кайрылууга туура келди. Алардын кредиттери биз үчүн алгылыктуу болуп саналат», — деди Жээнбаева.



Количество просмотров: 110