• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Ресторанда газ жарылып, жабыркагандар бар

17 Баш оона 201913:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.08.2019.Govori.TV.

Кытайдагы ресторандардын биринен газ жарылып, 4 адам каза таап, 16 адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалым болгондой, окуя 16-август күнү кечинде Кытайдын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан Ляонин провинциясындагы ресторандардын биринде катталган. Натыйжа 4 кардар каза болуп, дагы 16сы ар түрдүү жаракаттарды алып ооруканага жеткирилген.
Учурда катталган факт боюнча териштирүү иштери башталган.

Количество просмотров: 13