• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Режиссер Ырыс Окенова «Азаттыкты» сотко берет

10 Тогуздун айы 2019 12:55 Бишкек Govori.TV

Режиссер Ырыс Окенова «Азаттыкты» сотко берет. Бул тууралуу ал АКИ пресс агенттигинде маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында «Азаттык» такталбаган маалыматтарды чыгарышкан.

«Азаттык «Акшоола» сериалы 250 миң долларга тартылды деген жалган маалымат чыккан. Чынында сериал андай чоң суммага тартылган эмес, себеби көпчүлүгүбүз, мисалы мен жана башка КТРК кызматкерлери болгон үчүн бекер иштедик. Азаттыкка бул маалымат чыкканда бул туура эмес экендигин айткам, андан соң макаланы жазга Албина Сулаймановага байланышып, силер асмандан алып жаза бересиңерби? Эмне үчүн сурабайсыңар деп айткам. Мен алгач КТРК акча төлөсүн, андан соң Азаттыктан жооп алам деген ойдо жүргөм. Себеби, мени КТРКны жамандабагының деген кысымдар бар эле. Ал эми Азаттык өзүлөрүнө чындыкты айткан марканы чаптай албайт. Алар биздин ушунча аракетибизге зыян кылды. Такталбаган маалыматтарды жазганы үчүн мен Азаттыкты сотко берем», — деди Окенова.

Количество просмотров: 100