Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында, мамлекеттик резиденцияга жакын жерде аскер техникасы жайгаштырылып жатканы тууралуу маалыматтар тарады. Интернетте жайгаштырылган видеодо танка резиденциянын дубалып кокусунан сүздүрүп кеткени айтылган.
9-октябрда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Бишкек шаарынын аймагына Өзгөчө абал режими киргизилген. Жарлыкка ылайык, саат 20:00-8:00 аралыгына чейин коменданттык саат болуп, мындай режим 21-октябрга чейин созулат. Кырдаалга милиция менен кошо аскерлер көзөмөл кылат. Шаарда атайын комендантура түзүлүп, ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев комендант болуп дайындалды.
Бүгүн, 10-октябрь күнү Өкмөт үйүнүн алдына саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин аны колдоо боюнча митингин уланууда.