• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Резинадай чоюлган жумуртка фейк эмес. Ветинспекциясынын түшүндүрмөсү

23 Бирдин айы 2019 18:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.02.2019.Govori.TV.

Жумуртка канткенде резинадай чоюлчаак болуп каларын «Ысык-Көл» тоок фермасынын директору Сталбек Мамбеталиев түшүндүрүп берди.

https://www.facebook.com/rsadyrbekova/videos/vb.100004358553142/1204272679728006/?type=2&video_source=user_video_tab

Бул тууралуу видеону Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалымат катчысы Рахат Садырбекова өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына жүктөдү.

Садырбекова тоок фермасынын жетекчисинин сөзүнө шилтеме берип айтканына караганда, чуу салган видеодогу жумурткалар Ошко бара жатканда ашуулардагы сууктан тоңуп калышы ыктымал болчу.

Анын айтымында тоок фермасынын жетекчиси бир күнкү он чакты жумуртканы алып, жарымын тоңдургучка бир нече саатка салып коюшкан. Кийин тоңгон жумурткаларга белги коюп, бардыгын бир эле идишке салып бышырышкан. Кадрларда көрүнүп тургандай, чындап эле тоңдурулган жумуртканын сарысы жылуу жерде тургандыкындай болуп ушаланып калбай, резинадай чоюлуп жатканын байкоого болот.

Эске салсак, 17-февраль күнү социалдык тармактарда өзүн Ош шаарынын тургунумун деп тааныштырган адам жумуртканын сарысы резинадай чоюлуп жатканын көрсөтүп берген.

Количество просмотров: 9