• Жекшемби 2 Тогуздун айы 2022
  • Воскресенье 2 Октябрь 2022

РФ жаранынан акча талап кылган… Мамлекеттик нотариус пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

8 августа 2022 в 11:36 Бишкек Govori.TV

УКМК Жалал-Абад областык башкы башкармалыгында катталган кылмыш ишинин алкагында, У.С.С. аттуу Жалал-Абад мамлекеттик нотариалдык конторасынын мамлекеттик нотариусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу атайы кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, кыймылсыз мүлккө (батирге) мурастык укуктарды өткөрүп берүү жана жол-жоболоштуруу процессин тездетүү максатында мамлекеттик нотариус Россия Федерациясынын жаранынан 3 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган.

2022-жылдын 5-августунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик нотариусу 250 000 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып жана жана Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде, каралган адам кылмышты жасоого шектелип, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу КЖКнын N53- мекемесине камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 2144

Элдик курултай эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө боло алабы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда