• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өрнөктөгү жол кырсыгына кабылган эки бала да бул дүйнө менен кош айтышты

18 Теке 202418:00 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдүн Өрнөк айылындагы жол кырсыгына кабылган абалы оор делип жаткан дагы эки бала каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору билдирди.

«Алган жараатынан түндө 9 жаштагы эгиздин түгөйү каза болгон. Эртең менен 14 жаштагы өспүрүм кайтыш болду. Буга чейин эгиздердин бири кырсык болгон жерде мүрт кеткен», — деди Жайлымышова.

Ысык-Көл райондук ооруканасында жаткан 12 жаштагы баланын да абалы оор экени айтылууда.

Беш өмүрдү алган жол кырсыгында Кыргызстандан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси (68 жашта) жана анын тогуз жаштагы эгиз небересинин бири каза тапкан. Жалпысынан алар түшкөн «Тойота-Авенсис» машинесинде жубайлардан башка төрт небереси болгон.

Милиция кырсык «Тойота» автоунаасы кайрылып жатканда «Мерседес-Бенц-210» машинеси сүзүп кеткенин, аны 20 жаштагы айдоочу башкарып баратканын билдирген.

«Мерседестеги» эки киши жараат алып, Ысык-Көл райондук ооруканасына жаткырылган.

Теги:
Количество просмотров: 300