• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

​ Робин Орд-Смит Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчысы болуп дайындалды

15 Баш оона 201919:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.08.2019.Govori.TV.

Робин Орд-Смит Кыргыз Республикасынын ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-акыйкатчы) болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Белгиленгендей, буйрукка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 647 токтому менен бекитилген Ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-акыйкатчы) жөнүндө жобонун 18-пунктуна ылайык кол коюлду.

Количество просмотров: 16