Россияга кеткен эмгек мигранттарынын саны боюнча Кыргызстан 4-орунду ээледи
Россияга кеткен эмгек мигранттарынын саны боюнча Кыргызстан 4-орунду ээледи
13 Жетинин айы 2018 18:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.11.2018. Govori.TV
2018-жылдын башынан тартып, Россияга кеткен жарандардын саны боюнча тизмеде Кыргызстан 4-орунду ээледи. Январдан бери өлкөбүздөн 247 миң 658 адам барган. Бул туурасында «Россия мигранттарынын федерациясы» коомдук уюму билдирди.
Бул тизмеде биринчи орунду Өзбекстан ээлейт. Январдан сентябрга чейин Россияга аталган мамлекеттен 3 млн 400 миңден ашык жаран кеткен, алардын 1 млн 573 миң 791 адамы — иш издеп кеткендер.
Экинчи орунда — Таджикистан, ал жактан Россияга 1 млн 745 миң 554 адам барган, алардын 790 миң 116сы иштөө үчүн кеткендер.
3-орунда- Украина, бул мамлекеттен 347 миң 272 адам ишке орношуу үчүн Россияга кирген.