• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Россияда дайынсыз жоголгон кыргызстандык кыз абактан табылды

30 Аяк оона 201916:48 Бишкек Govori.TV

Россияда дайынсыз жоголгон кыргызстандык кыз Орёл шаарындагы убактылуу кармоочу жайдан (СИЗО) табылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун 1998-жылы туулган тургуну Рахат [аты өзгөртүлдү, О.Р.] 2018-жылы сентябрь айында Москвага иштөө үчүн барган. Ал эми ушул жылдын январь айынан баштап туугандары менен байланышы үзүлгөн. Рахаттын апасы ИИМге арыз менен кайрылып, кызын издөө иштерине көмөктөшүүнү суранган.

«Бул кайрылуу ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө жөнөтүлүп, кызматкерлер Москвадага укук коргоо органдары менен бирге Рахат 2018-жылы 3-августта Бишкек—Москва каттамы менен учуп келгенин аныкташкан.

2019-жылы июнь айында аталган кыз Орлов облусунда полиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Рахат баңгизатты мыйзамсыз даярдоо, сатуу же жөнөтүү беренеси боюнча шектелип жатат. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда камакта», — деп айтылат маалыматта.

Булак: barakelde.org.

Количество просмотров: 1078