• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Россияда кыргызстандыктар полиция кызматкерин сабаганга шектелип кармалышты

22 Жетинин айы 2019 9:21 Бишкек Govori.TV

Санкт-Петербург шаарында полиция кызматкерин сабаганга шектелип федералдык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Псковской облусунун Тергөө комитети сайтында жарыялаган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2016-жылдын 31-декабрында кыргызстандык 2 жаран мас абалда Пскове шаарында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн алдында токтоп турган унааларга зыян келтиришкен. Ошол учурда полиция кызматкерлери кармоого аракет жасаганда шектүүлөр алардын бирин сабап, качып кеткенге жетишкен. Алар бул факт боюнча федералдык издөөгө алынган болчу.

«Тергөөчүлөрдүн жана полиция кызматкерлеринин биргелешкен иш-чараларынын натыйжасында шектүү Санкт-Петербургдан кармалды. Учурда дагы бир шектүү изделүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 155