• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Россиядагы кырсык. Ооруканадагы 3 жарандын абалы айтылды

22 Баш оона 202213:03 Бишкек Govori.TV

Россиянын Ульяновск облусунда 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган жол кырсыгында жабыркаган үч КР жаранынын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Бул тууралуу ТИМдин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмаз Букалаев билдирди.

«Кырсыктан жабыркаган Кыргызстандын үч жаранынын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Алар керектүү дары-дармектер менен камсыздалган.», — деп айтылат маалыматта.

Букалаев кошумчалагандай, КРнын РФдагы элчилигинин консулдук кызматкерлери кырсык катталган жерде иш алып барууда.

Количество просмотров: 5908