• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Россиядагы мигранттар үчүн жаңы эрежелер киргизилди

29 Бештин айы 2021 9:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2021-жылдын 29-декабрынан тартып Орусияга иштегени барган чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн, ошондой эле манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу жол-жобосунан өтүшү керектигин жарыялады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, жарандар алгач фтизиатрдын, дерматовенерологдун, инфекционисттин, терапевттин, психиатр-наркологдун кароосунан өтүшү керек. Андан соң манжа изин каттатып, сүрөткө түшөт.

Манжа изин каттатуу үчүн Орусиядагы аймактык ички иштер башкармалыктарга, ИИМдин алдындагы паспорт-виза кызматына же Москва шаарындагы көп тармактуу миграция борборуна кайрылуулары зарыл. Бул үчүн чет элдик жарандар паспортун жана медициналык текшерүүдөн өткөнүн тастыктаган маалымкатын ала барууга тийиш.

Манжа изин каттатып, сүрөткө түшкөндөргө ырастоочу документ берилет. Ал бир жолку жана Орусияга кирүү/чыгуу санына карабастан акысыз болот.

Бул милдеттерди аткарбаган жарандардын Орусияда калуу мөөнөтү кыскартылат.

Орусияга иштегени эмес, башка максатта барган Кыргызстандын жарандары бул өлкөгө кирген күндөн тартып 90 күндүн ичинде атайын органдардан милдеттүү түрдө манжа изин каттатып жана сүрөткө түшүп, медициналык текшерүүдөн өтүүсү керек.

Милдеттүү жол-жободон алты жашка чыга электер, мурда манжа изин жана сүрөткө түшкөндөр бошотулат.

Орусияда расмий эсеп боюнча 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте алардын саны 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет. 

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 808