• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Россиядан келген медиктердин эки бригадасы Ошко учуп кетти

24 Теке 202018:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга келген Россиянын Коргоо министрлигинин медиктеринин эки бригадасы бүгүн, 24-июлда аскер госпиталына иштөө үчүн Ошко учуп кетти. Калган 4 бригада Бишкекте калганын КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 22-июль күнү Кыргызстанга 20 аскер дарыгери учуп келген. Алар бир ай бою Бишкек жана Ош шаарларындагы аскер госпиталдарында коронавирус менен күрөшүүгө кыргыз медкызматкерлерине көмөктөшөт.

“24-июлдан тарта 6 дарыгер-медайымдан турган топ эки шаарда аскер кызматкерлерге, алардын үй-бүлөлөрүнө жана ардагерлерге практикалык жана кеп-кеңеш түрүндөгү жардам көрсөтө баштады”, — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө КР Куралдуу күчтөрүнүн бардык аскердик медициналык мекемелери керектүү дары-дармектер жана медкаражаттар менен камсыздалган. Аскер ооруканаларында жана аскердик клиникада бейтаптар текшерилип, дарыланып, рентген жана ПЧР тестти алынууда.

Количество просмотров: 61