• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Россиядан жардамга келген дарыгерлерди эмнеге эч ким тосуп алган жок? Өкмөттүн түшүндүрмөсү

13 Теке 20209:19 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга Россия Федерациясынан келген ыктыярчы дарыгерлерге байланыштуу өкмөттүн басма сөз кызматы түшүндүрмө берди.

Маалыматка караганда, медицина кызматкерлерин тосуп алууга байланыштуу бардык уюштуруу иштерин Саламаттыкты сактоо министрлиги жүргүзүп келген.

«Дарыгерлерди вице-премьер-министр Акрам Мадумаров тосуп алышы керек болчу деп массалык маалымат каражаттарына жарыяланган билдирүү чындыкка дал келбейт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, мекеме жетекчилиги объективдүү себептерге байланыштуу аларды аэропорттон тосуп алууга бара албай калган. Бирок андан кийин министрликтин жетекчилиги келген медицина кызматкерлери менен жолугушту», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин айрым массалык маалымат каражаттары Москвадан келген 50дөй кыргызстандык дарыгерди аэропорттон өлкө жетекчилигинен эч ким тосуп албаганын маалымдаган.

Количество просмотров: 330